Ырчы Кызсайкал Кабылова уулунун тушоо тоюн балдар үйүндө өткөрдү (видео)
Ырчы Кызсайкал Кабылова бүгүн, 10-ноябрда уулу Алмирдин тушоо тоюн балдар үйүндө өткөрдү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ырчынын айтымында, алар бул күнү балдарга кубаныч тартуулоону каалашкан.
"Бүгүн Алмирдин тушоосун балдар үйүндө кесип, кичинекей жүрөктөргө кубаныч тартуулагыбыз келди. Ар бир баланын жылмаюусу биз үчүн чоң бакыт болду. Аллахым ар бир наристеге мээримге толгон үй-бүлө, бактылуу балалык насип кылсын. Алмирибиздин кадамы кут болсун! Жакшылыкка бассын!" — деп жазган ал.
Ырчынын бул ишин катталуучулары колдоп, уулуна жакшы каалоо-тилектерин билдиришүүдө.
Ырчы Кызсайкал Кабылова уулунун тушоо тоюн балдар үйүндө өткөрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:08
2026-11-09
16:03
2026-11-08
17:13
2026-11-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















