super.kg logo

Европадан велосипедчен келген Насирдинди Бишкектин борборунда тосуп алышты (видео)

 

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкектин борбордук аянтында Польшадан велосипед менен жолго чыккан кыргызстандык Насирдин Өмүралиев жана анын сапарлашы, Италиянын 64 жаштагы жараны Марко Фантеллону салтанаттуу тосуп алышты.

Белгилүү болгондой, Насирдин сапарын Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу жана ата-бабалар басып өткөн тарыхый жолдорду улантуу максатында баштаган. Жолдон Азербайжандын Алят портунан Марко Фантелло менен таанышып, андан ары сапарын чогуу улантышкан.

Саякатчыларды мэриянын өкүлдөрү жана шаар тургундары жылуу тосуп алышып, аларга ыраазычылык каттарын жана эстелик белектерди тапшырды. Сапар мекенчилдиктин, эрктүүлүктүн жана эл аралык достуктун үлгүсү катары бааланды.






Европадан Кыргызстанга велосипед менен

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: