super.kg logo

Максим Фадеев "Ты супер! Кыргызстан" долбоорунун катышуучусу Семетейге ыр белек кылды

 

Жаш ырчы Семетей Акынбековдун "Сен суперсиң! Кыргызстан" (Ты супер! Кыргызстан) долбоорунда бул ырды аткарган видеосу социалдык тармактарда кеңири тарап, миллиондогон көрүүлөрдү топтоду. Долбоор аяктагандан кийин Максим Фадеев Семетейге өзгөчө белек жасоону чечип, "Танцы на стёклах" ырынын студиялык нускасын жаздырып берди.

Бул Семетейдин алгачкы студиялык ыры болуп калды. Бул жаш таланттын чоң чыгармачылык жолунун башталышы болуп, келечекте Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан белгилүү артистке айланат деп ишенебиз!

Семетейди бул маанилүү кадамында колдоп коюңуздар! Ырды угуп, клипти бөлүшүп, пикир калтырыңыздар.

? Клиби: https://m.youtube.com/watch?v=meERvp_U4cU

? Ыры: https://band.link/Tantsy_na_steklakh

Мындан тышкары, жакында эле Семетей Акынбеков "Кыялымдагы Кыргызстан" аттуу масштабдуу жаштар форумунда өнөрүн тартуулап, Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен бирге мамлекеттик гимнди аткарышты.






Максим Фадеев "Ты супер! Кыргызстан" долбоорунун катышуучусу Семетейге ыр белек кылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: