super.kg logo

Ош: Курулуш компаниясы коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн айыпка жыгылды (видео)

 

Ошто техникалык талаптарды сактабаган курулуш компаниясын аныктады. Бул тууралуу курулуш министрлигинен кабарлашты.

"Маалым болгондой, курулуш иштери коргоочу каскаларды жана зарыл болгон жеке коргонуу каражаттарын колдонбостон жүргүзүлгөндүгү тастыкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча "Перспектива" ЖЧКсы курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды.

Компанияга аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү жана коопсуздуктун белгиленген талаптарын аткарууну камсыз кылуу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилип, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды", - деп кошумчалады мекемеден.

Белгилей кетсек, курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарынын сакталбашы жумушчулардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле курулуш объектисине жакын жайгашкан жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратат.






Коопсуздук эрежелери бузулган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: