super.kg logo

Чүй облустук милициясы таксистке кол салууга шектелген жаранга кылмыш ишин козгоду

 

Чүй облусунун Сокулук районунда такси айдоочусуна бычак сайып, анын унаасын айдап кетүүгө шектүү жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы маалымдады.

Маалыматка караганда, 11-ноябрга караган түнү 2007-жылы туулган Т.А. "Яндекс" кызматы аркылуу такси чакырып, жолдо айдоочуга бычак менен жаракат келтирген. Андан соң аны №4 шаардык ооруканага жеткирип, унаасын айдап кеткен.

Жабырлануучунун билдирүүсү жана унаадагы GPS түзмөгү аркылуу шектүү Бишкек шаарынан кармалганы белгилүү болду.

"Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда",- деп айтылды маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: