УКМК "Ош электр тармактарында" чубалгыларды мыйзамсыз саткан фактыларды аныктады
"Ош электр тармактары" ишканасынын борбордук кампасынан материалдык баалуулуктарды системдүү түрдө ыйгарып алуу жана мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, борбордук кампанын башчысы М.А.М. узак убакыт бою өзүнө ишенип тапшырылган электр берүү линияларын оңдоо жана тейлөө үчүн колдонулуучу АС-95, АС-185 жана АС-300 маркасындагы алюминий зымдарын мыйзамсыз сатып келген.
Аталган мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында ишканага ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Кампадагы материалдардын жетишсиздиги Ош облусунун энергетикалык инфраструктурасын 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо иштерине да тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон.
Учурда бул факт боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















