Арменияда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталган жаран Кыргызстанга экстрадицияланды
Армениядан баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталган жаран Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын Армениянын тиешелүү органдары менен кызматташуусунун натыйжасында эл аралык издөөдө жүргөн И.Ш. аттуу жаран өлкөгө кайтарылды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, айыпталуучу башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, ири өлчөмдө баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүрткөн.
Ал ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилип, тергөө абагына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















