Бишкекте УКМКнын жалган кызматкери кармалды
Бишкекте мурда бир нече жолу соттолгон жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда шаардык милиция билдирди.
Маалым болгондой, ал өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, У.Ж. аттуу жарандын ишенимине кирип, тергөө абагында жаткан адамды бошотууга көмөктөшүү шылтоосу менен андан 17 миң доллар алган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары 1988-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, ал бир нече ирет соттолуп, издөөдө жүргөнү аныкталды.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.
Шектүү атайын кызматтын кызматкери эместиги кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:14
2026-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















