Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдогондордун саны бир түндө 49 миңден ашты
"Түндүк" тиркемесиндеги акыркы маалыматтарга таянсак, президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдогон шайлоочулардын саны 49 миң 144кө жетти. Тиркемедеги сандар шайлоочулар колдоо көрсөткөн сайын өзгөрүп турат.
Садыр Жапаров кечээ, 10-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин көрсөтүп, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген. Ал бир суткага жетпеген убакытта талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон 30 миң колду топтоду.
"Түндүктөгү" учурдагы маалымат боюнча, Сыймык Жапыкеевди 19 миң 90, Аймен Касеновду 16 миң 79, Исхак Масалиевди 11 миң 256, Азамат Эсенбековду 8714 жана Акай Кыдыровду 5205 шайлоочу колдогон.
Талапкерлерди көрсөтүү 13-ноябрга чейин уланат. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
Белгилей кетсек, шайлоочулар "Түндүк" тиркемеси аркылуу талапкерлерге электрондук түрдө же кагаз жүзүндө колдоо көрсөтө алышат. Ал 8-декабрга чейин уланат.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















