super.kg logo

Казакстан менен АКШ экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүдө

 
9-ноябрда Вашингтондо Казакстан менен АКШнын "Стратегиялык өнөктөштүктөн реалдуу долбоорлорго" аттуу бизнес-форуму өттү. B20 саммитинин алкагында уюштурулган бул иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, улуттук компанияларынын жана 100дөн ашык ири ишканаларынын өкүлдөрү катышты.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, бул форум Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев АКШ президенти Дональд Трамптын чакыруусу менен Майамидеги G20 саммитине барар алдында уюштурулду.
Казакстан бул иш-чарага абдан таасирдүү жана чоң делегация менен барды. Алардын катарында президенттин атайын өкүлү Ержан Казыхан, транспорт министри Асел Жанасова, Улуттук банктын төрагасы Тимур Сулейменов жана "Атамекен" палатасынын башчысы Канат Шарлапаев болду. Америка тараптан АКШнын Мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Кристофер Ландау жана Соода палатасынын президенти Сюзанн Кларк катышты.

Бүгүнкү күндө Казакстанда 600дөн ашык америкалык компания иштеп, АКШ инвестициясынын көлөмү 100 миллиард доллардан ашкан.

Иш-чаранын жыйынтыгында соода-инвестициялык кызматташтык боюнча бир катар маанилүү макулдашууларга кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: