Италиядагы миңдеген мектептер жардыруу коркунучу тууралуу кат алышты
Италиядагы 6,3 миңге жакын мамлекеттик мектепке жардыруу коркунучу тууралуу электрондук каттар жөнөтүлгөн. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү министри Жузеппе Вальдитара билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, министрликтин маалыматтык кызматтарынын директоруна каттар келген окуу жайлардын так санын аныктоо тапшырылган.
Учурда Италиядагы 7476 мамлекеттик мектептин 6300гө жакынына мындай билдирүүлөр келгендиги белгилүү болду.
Электрондук каттар жеке мектептерге жана чоңдорду окутуучу борборлорго жөнөтүлгөн эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:12
2026-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















