Орусия менен Украина туткундарды алмашуу боюнча макулдашты
Бүгүн 11-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында Орусия, Украина жана АКШнын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү аяктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Орусиянын делегация башчысы Владимир Мединскийдин билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тараптар туткундарды масштабдуу алмашуу боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишкен. Алмашуунун так шарттары жакынкы күндөрү жарыяланары айтылды.
"Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдө Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу жолдору жана Европанын коопсуздук кепилдиктери талкууланды. АКШнын атайын өкүлү Жаред Кушнер коопсуздук кепилдиктери боюнча жылыш бар экенин, бирок аймактык маселелер боюнча макулдашуу эң татаал бойдон калганын билдирди. Анын айтымында, АКШ өкүлдөрү эртең Москвага Владимир Путин менен жолугушуу үчүн, андан соң Дублинге Владимир Зеленский менен сүйлөшүү үчүн барышат", - деп белгиленди маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















