Бишкекте изделип жаткан Сергей Щербаковдун денеси Суусамырдагы ашуудан табылды
Бишкекте 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Сергей Щербаковду издөө иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Ленин РИИБи билдирди.
Маалым болгондой, анын денеси жана унаасы кечээ, 11-ноябрда болжол менен саат 14:00дө Суусамыр – Каракол ашуусунда жүргүзүлгөн издөө иштеринин жүрүшүндө табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жол кырсыгына кабылган.
Эскерте кетсек, буга чейин анын досу милицияга кайрылып, дайынсыз кеткен жаран милиция тарабынан издөөгө алынган. Ал Suzuki Jimny үлгүсүндөгү унаасы менен Ош облусун көздөй кеткени маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















