super.kg logo

Бишкекте "40×40" эс алуу жайына айып пул салынды

 

Бишкек шаарындагы "40×40" клубуна түнкү убакта катуу музыка коюп, тургундардын тынчтыгын бузганы үчүн Муниципалдык инспекция түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө барды. Бул тууралуу аталган инспекция билдирди.

Маалым болгондой, буга себеп Октябрь районунун тургундарынан арыз түшкөнү. Алар аталган жайдан чыккан катуу музыка жана ызы-чуу түнкүсүн эс алууга тоскоол болуп жатканын билдиришкен.

Белгилей кетсек, текшерүүнүн жүрүшүндө "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптары бузулганы аныкталып, мекемеге карата административдик протокол түзүлгөн. Натыйжада караоке бар 28 миң сом айып пулга жыгылды.

Муниципалдык инспекция көңүл ачуучу жайлардын ээлерин мыйзам талаптарын сактоого жана шаар тургундарынын тынчтыгын бузбоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: