Таласта баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды (видео)
Талас облусунда баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, шектүү баңгизат каражаттарынын ири партиясын сатууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Анын жашаган жана иштеген жерлерин тинтүү жүргүзүлгөндө чийки заттын кошумча запастары, баңгизат каражаттарын даярдоочу каражаттар табылган.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылууда.
Таласта баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















