Бишкекте синтетикалык баңгизат таратканга шектелген жаран кармалды (видео)
Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды жашыруун жайларга катып, таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү "допинг" аттуу ыкчам алдын алуу иш-чарасынын алкагында кармалган. Белгилүү болгондой, шектүүнү тинтүү учурунда анын жанынан жалпысынан 64 түйүнчөк алынды. Алардын жалпы салмагы 152 граммды түзөрү маалыматта кошумчаланды.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Баңгизат таратканга шекүү жаран
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:24
2026-11-13
15:38
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















