Бишкекте кар тазалоого 114 атайын техника даярдалды
Күтүлүп жаткан кардын жаашына байланыштуу Бишкектин көчөлөрүн жана жолдорун өз убагында тазалоо үчүн "Тазалык" муниципалдык ишканасы 114 атайын техниканы даярдады. Бул тууралуу кечээ, 11-ноябрда муниципалитет билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын катарында 55 атайын кар тазалоочу унаа, щетка жана түрткүч жабдуулары бар 34 "Беларусь" трактору, 3 фронталдык жүктөгүч, 5 УКМ-2500 үлгүсүндөгү техника, 6 "Бобкэт" техникасы, 3 АСП-25 үлгүсүндөгү кар жүктөгүч жана жолдун жүрүүчү бөлүгүн кардан тазалоого арналган түрткүч жабдуулары бар 4 "Хово" самосвалдары бар.
"Жолдорду, аялдамаларды жана тротуарларды тазалоого 1201 кызматкер тартылат. Биринчи кезекте негизги магистралдар, коомдук транспорт каттаган көчөлөр жана муз тоңуу коркунучу жогору тилкелер тазаланат. Музга каршы күрөшүү үчүн ишкананын кампасында 6769 тонна техникалык туз бар",- деп белгиленди маалыматта.
Мэрия айдоочуларды ылдамдыкты ашырбоого жана атайын техникалардын ишине тоскоолдук жаратпоого чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















