Темир тор артындагы жумуш: Соттолгондор кантип каражат табышат? (сүрөттөр)
Кыргызстандагы түзөтүү мекемелеринде соттолгон жарандар кадимки өндүрүш ишканаларындагыдай эле кыш куюп, нан бышырып, эмерек жасап, кийим тигишет. Мындай өндүрүштөр жаза өтөп жаткандарга иштеп акча табууга гана эмес, абактан чыккандан кийин кереги тие турган кесип үйрөнүүгө да мүмкүнчүлүк берет.
Мындай шарттар түзүлгөн мекемелердин бири Чүй облусунун Беловодское айылында жайгашкан Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемесинин №16 түзөтүү мекемеси. Бул жерде жалпысынан 9 өндүрүш багыты иштейт. Алардын катарында кыш заводу, жыгач устаканасы, ширетүүчү цех, тоок фермасы, наабайкана, тигүү жана эмерек цехтери, унаа оңдоочу жай, ошондой эле макарон чыгаруучу цех бар.
“Бул жерде 1000ден ашык адам жазасын өтөп жатат. Учурда алардын 400гө жакыны ар кандай жумуштарда эмгектенет. Жаза өтөп жаткандардын арасында пенсия курагындагылар жана ден соолугуна байланыштуу иштей албагандар да бар”,- деди аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Максим Жороев.
Өндүрүштүн эң ири багыттарынын бири 140 соттолгон адам эмгектенген кыш заводу. Завод 2025-2026-жылдагы мезгил үчүн 4 миллион кыш чыгарууну максат койгон. Жумушчулардын эмгек акысы аткарган ишинин көлөмүнө жана жумуштун оордугуна жараша эсептелет. Мисалы, меште иштегендердин айлыгы 70 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.
“Кыш заводунда эки жылдан бери эмгектенем. Күн сайын эртең мененки саат 06:00дөн кечки 18:00гө чейин иштейм. Акыркы алган айлыгым 11 миң сом болду. Аны үй-бүлөмө, балдарыма жиберип турам”,- деди бул мекемеде жазасын өтөп жаткан жарандардын бири.
Аталган мекемедеги тигүү цехинде учурда 68 соттолгон жаран эмгектенет. Мындан тышкары, дагы 100 орундуу тигүү цехин ачуу пландалууда. №16 түзөтүү мекемесинин өндүрүш жетекчиси Медер Богишевдин айтымында, бул жерде тигилген кийимдер чет өлкөлөргө экспорттолуп, Wildberries платформасына да чыгарылат. Ошондой эле бул мекемеде 2026-жылы макарон цехи ишке кирген. Учурда 5 түрдүү макарон чыгарылып, 8 адам эмгектенет. Азырынча продукция түзөтүү мекемелеринин ички керектөөсүнө багытталган. Келечекте аны сырттан сатууну да көздөп жатышат.
Мекемелерде өндүрүш менен катар кесиптик билим берүүгө да көңүл бурулат. Атайын окуу жайында соттолгон жарандар өздөрү тандаган багыт боюнча теориялык жана практикалык сабактарды өтүп, кесип үйрөнүшөт. Окууга кабыл алуу жыл сайын жүргүзүлүп, курстар 10 айга чейин созулат. Аны аяктагандарга Агартуу министрлигинин сертификаты берилет. Бул жерде бир нече курстан өтүп, ар кандай кесиптерди өздөштүргөндөр да бар.
Мындай мүмкүнчүлүктөр Чүй облусунун Петровка айылында жайгашкан Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемесинин №8 түзөтүү мекемесинде да каралган. Бул мекемеде 6 өндүрүш багыты иштейт: ширетүү, тигүү, жыгач устаканасы, наабайкана, микрочип чогултуу жана унаа оңдоо. Мындан тышкары, кирпич заводу менен айнек чыгаруу цехин ачууга даярдык көрүлүүдө.
“Мекемеде 1000ден ашык соттолгон жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бүгүнкү күндө алардын 248и өндүрүш аймагында иш менен камсыз болгон. №8 түзөтүү мекемесинин башка мекемелерден өзгөчөлүгү микрочип чогултуучу цехинин иштеши жана жакында ачылуучу айнек чыгаруучу ишканасы. Ошондой эле бариста кесибин үйрөтүүчү курс ачылуу алдында турат”,- деди мекеменин жетекчисинин орун басары Курсантбек Момукулов.
Бул мекеменин наабайканасында 11 адам эмгектенип, күнүнө 1400 нан бышырылат. Даяр продукция мекеменин өзүнө жана күзөт кызматкерлерине берилет. Бул жерде нан бышырууну үйрөнгөндөрдүн бири буга чейин мындай кесипти билбегенин айтты.
“Мен Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен 3 жылга соттолгом. Бул жерде убактымды текке кетирбей, нан бышырууну үйрөндүм. Мурда бул тармакты билчү эмесмин. Учурда 3 айдан бери нан бышырып иштеп келем. Буюрса, эркиндикке чыккандан кийин да ушул кесипти улантам”,- деди ал.
Түзөтүү мекемелериндеги өндүрүштөрдө эмгек акы аткарылган жумуштун көлөмүнө жараша эсептелет. Иштеп жаткан соттолгондордун эмгек китепчелери толтурулуп, социалдык төлөмдөр жүргүзүлөт. Айлык акылары ай сайын банк карталарына которулуп турат.
Бул иштер бир жагынан мекемелердин ички керектөөсүн камсыздаса, экинчи жагынан жаза өтөп жаткандарга эмгектенип, акча табууга жана кесип үйрөнүүгө шарт түзөт. Соттолгон жарандар бул жерде өздөштүргөн билимин, тажрыйбасын эркиндикке чыккандан кийин да пайдаланып, өз алдынча эмгектене алышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















































