super.kg logo

Зарыгып күткөн Зардалынын жолу жакшыртылууда (видео)

 

Баткен облусундагы алыскы Зардалы айылына баруучу Таян – Зардалы автожолуна асфальт төшөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Транспорт министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Зардалы айылына баруучу жолдун тардыгына жана кооптуулугуна байланыштуу жергиликтүү тургундар тарабынан даттануулар айтылып келген.

"Азыркы учурда 6,4 чакырымына асфальт төшөлүп, тоо боорлору жардырылып жолдун туурасы 10 метрге чейин кеңейтилди. Ошондой эле кооптуу тилкелерге темир-бетон тосмолор орнотулууда. Тоолуу аймактагы татаал шарттарга карабастан, жол куруу иштери этап-этабы менен уланууда. Долбоордун алкагында автожолдун калган бөлүктөрүн жакшыртуу да пландалган",- деп кошумчалады мекеме.






Зардалынын жолдоруна асфальт төшөлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: