Трамп Nvidia компаниясынын жетекчилигине Тим Кукту сунуштады
АКШнын президенти Дональд Трамп Apple компаниясынын мурдагы башкы директору Тим Кукту Nvidia компаниясынын жетекчиси кызматына сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Эми фантастикалык иш аткарган Nvidia компаниясынын башкы директору Женсен Хуанг кызматтан кеткенден кийин, анын ордун баса турган бир гана адам бар. Ал - Apple компаниясынын Тим Куку. Бир легенданын ордун экинчиси басат!" - деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.
Белгилей кетсек, бейшемби күнү Nvidia компаниясы Женсен Хуангдын президент жана башкы директор кызматтарынан кеткенин жарыялаган. Буга анын ишкер Элис Хуанг менен жакын мамилеси тууралуу чуу себеп болгону айтылууда. Ал аял Кытайдын мамлекеттик түзүмдөрүнө маалымат берип келген деген божомолдор да айтылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















