АКШ: Ак үйдүн жанында атышуу болду
12-ноябрда Вашингтондо эртең менен атышуу болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, атышуудан улам бир адам каза таап, төртөө жаракат алды. Окуя Ак үйдөн болжол менен 1,5 чакырым алыстыкта болуп, куралчан адам бир саатка жакын убакыт бою багынып берүүдөн баш тарткан. Ал полиция кызматкерлерине ок чыгарган дагы, кийин өзүн өзү атып, батиринде көз жумган.
Полиция батирге күч менен кирип, шектүүнү куралы менен тапкан. Ал 55 жаштагы Мэтт Уэйд Ламберт экени аныкталганы маалым болду.
Азырынча атышуунун себептери жана шектүүнүн мындай кадамга баруусуна эмне түрткү болгону белгисиз. Каза болгон адамдын жана жаракат алгандардын аты-жөнү жарыялана элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:33
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















