Барселонада нааразычылык акциясы баш аламандык менен аяктады
Испаниянын Барселона шаарында жалпы улуттук нааразычылык акциясы өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматка ылайык, акция турак жайдын кымбатташына, ижара акысынын өсүшүнө жана айрым жарандардын үйлөрүнөн чыгарылышына каршы уюштурулган. Нааразычылык акциясына полициянын эсеби боюнча 55 миңдей адам катышкан, ал эми профсоюздар катышуучулардын саны 400 миңге жеткенин билдиришкен.
Белгилүү болгондой, акция негизинен тынч өткөнү менен, аяктагандан кийин беткапчан адамдар дүкөндөрдүн терезелерин талкалап, айрымдарын талап-тоноп, таштанды челектерин өрттөшкөн. Окуя учурунда полиция менен кагылышуулар да болгону маалым болду.
Испаниянын борбордук банкынын маалыматына караганда, өлкөдө болжол менен 750 миң турак жай жетишпейт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















