Саида Мирзиёева Париж тынчтык форумунда балдарды коргоо демилгесин сунуштады
Кечээ, 11-ноябрда Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева Франциянын Париж шаарына иш сапар менен барды. Бул тууралуу ал өзүнүн Телеграм каналына жазды.
Маалыматка караганда, Елисей сарайында Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр болуп өткөн. Жолугушууда ал Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жолдоп, тараптар коргонуу, коопсуздук, кибертехнологиялар, жасалма интеллект, ошондой эле ири экономикалык жана гуманитардык долбоорлор боюнча кызматташтыкты талкуулашты.
Мындан тышкары, Саида Мирзиёева Франциянын лидеринин демилгеси менен уюштурулган абройлуу Париж тынчтык форумуна катышты. Ал өз сөзүндө глобалдык тынчтык жана балдардын келечегине өзгөчө көңүл буруп, октябрь айында Самаркандда көтөрүлгөн балдарды коргоо маселелерин БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы катары кабыл алууну пландарын жарыялады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















