Нью-Йоркто үч кабаттуу имарат урап, адамдар каза болду
Кечээ, 11-ноябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында курулуш аянтчасынын жанында жайгашкан үч кабаттуу имарат урап түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен эки адам каза болуп, урандылардын астында калып жаракат алган 17 адам ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын арасында балдар да бар экени айтылды. Куткаруу иштерине ондогон өрт өчүрүүчү жана полиция кызматкерлери тартылып, алар урандыларды кол менен тазалап, атайын шаймандар менен адамдарды издешкен. Издөө иштерине дрондор жана атайын үйрөтүлгөн иттер да тартылган.
Азырынча имараттын эмне себептен ураганы белгисиз. Ал коңшу тилкеде жаңы имарат куруу үчүн жер казуу иштери жүрүп жаткан учурда кулаган. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















