Хабибдин бөлөсү катышкан мушташ... Дана Уайт бул тууралуу эмне деди?
Бүгүн, 13-ноябрда өткөн маалымат жыйынында UFC уюмунун жетекчиси Дана Уайт Абу-Дабидеги мушташка байланыштуу Усман Нурмагомедов менен Мераб Двалишвилини катуу сындады. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар билдиришти.
Уайттын айтымында, мушкерлердин мындай аракетке барышы акылсыздык.
"Булар кандай акылсыз адамдар. Бул таптакыр орунсуз жана өтө эле акылсыз кадам болду. Эми алардын баары түрмөдө. БАЭ мындай иштерге бара турган жер эмес",- деди Дана Уайт маалымат жыйынында.
Ошондой эле ал Хабиб Нурмагомедовдун бөлөсү Усман Нурмагомедовдун UFC'ге өтүү мүмкүнчүлүгү карала электигине токтолду.
Белгилей кетсек, окуя 11-ноябрда Абу-Дабидеги мейманканада "Real American Freestyle" турниринин алдында болгон. Мераб Двалишвили маек берип жаткан учурда Усман Нурмагомедов бир нече адамдын коштоосунда анын жанына келип, бетке чапкан. Натыйжада эки тараптын ортосунда массалык мушташ катталды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















