Пентагондун башчысына эскертүү берген жоокер медаль менен сыйланды
АКШнын Коргоо министри Пит Хегсетке Арлингтон улуттук көрүстөнүндөгү мемориалдын жанында тынчтыкты сактоону эскерткен жоокер сыйлык алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Белгилей кетсек, окуя 11-ноябрда, АКШда ардагерлер күнүнө карата уюштурулган иш-чара учурунда болгон. Министр белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюп, сүрөткө түшүп жаткан учурда, аны коштоп жүргөн адамдардын бири катуу сүйлөп, күлүп баштаган. Мемориалды кайтарган жоокер алардан тынчтыкты сактап, эскерүү жайына урмат көрсөтүүнү талап кылган.
Маалыматка ылайык, бул окуянын эртеси күнү Пит Хегсет жоокерге кызматтык милдетин үлгүлүү аткарганы үчүн жеке өзү медаль тапшырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:33
2026-11-13
11:05
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















