super.kg logo

74 өлкөдө Microsoft сервистеринин иши үзгүлтүккө учурады

 

Microsoft кызматынын ишиндеги мүчүлүштүк 74 өлкөдөгү колдонуучуларга таасирин тийгизди. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, дүйнө жүзү боюнча колдонуучулар Microsoft корпорациясынын санариптик кызматтарындагы олуттуу үзгүлтүккө туш болушту. Негизги көйгөйлөр Microsoft 365 топтомуна, анын ичинде Аутлук электрондук почтасына, Тимс видеочалуу кызматына жана Копилот жасалма интеллект чат-ботуна кирүүдө жаралды.

Даундететордун маалыматына ылайык, кызматтардын иштебей калгандыгы тууралуу 74 өлкөдөн арыздар келип түшкөн. Алгачкы үзгүлтүктөр 12-ноябрда кечинде катталган. Азыркы учурда Microsoft техникалык мүчүлүштүктөр болгонун тастыктап, бул абал Түштүк жана Түндүк Америкада болгонун маалымдады. Ошондой эле башка өлкөлөрдө да жаралышы мүмкүн экенин эскертти.

Көп өтпөй көйгөй Австралиянын бийлик органдарына да жетти. SBS телеканалы кабарлагандай, техникалык мүчүлүштүк өлкөдөгү мектептердин, соттордун, полициянын жана контрчалгындоо кызматынын ишин аксатты. Ал эми Япониядагы үзгүлтүктөр өкмөттүк маалыматтык тутумдун инфратүзүмүнө терс таасирин тийгенин аталган өлкөнүн министрлер кабинети билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: