super.kg logo

Таштын үстүндө уктап... Австралияда токойдо жоголгон өспүрүм 6 күндөн кийин табылды (видео)

 

Кечээ, 12-ноябрда Австралияда бир жумадан бери дайыныз болуп жаткан өспүрүм табылды.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, Уильям аттуу 17 жаштагы бала 6-ноябрда Виктория штатындагы Мельбурн шаарынан 180 чакырым алыстагы токойго досу менен кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткан.

"Бул аймакта абанын температурасы түнкүсүн өтө эле төмөндөп кетет, ошондуктан куткаруучулар баланын тирүү табылышынан күмөн санашкан. Бала кошума шайман алып келүү үчүн лагерге түшүп бара жатып адашып кеткен. Ал аутизм менен жабыркайт",- деп белгиленди маалыматта.

Ал Стони-Крик аймагындагы кургап калган дарыянын жанында таштын үстүндө уктап жатканда табылып, куткаруучулар аны тик учак менен алып кетишти.






Австралияда өспүрүмдү балык улоочу кутунун жардамы менен табышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: