Жалал-Абадда аткезчилик жүктөрдү ташып кирүү каналына бөгөт коюлду (видео)
Бүгүн, 16-ноябрда Жалал-Абад облусунда контрабандалык жүктөрдү ташып кирүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокен районуна караштуу Ношкен айылынан агып өткөн Чоң Фергана каналы аркылуу дары-дармек каражаттары жана эл керектөөчү товарлар мыйзамсыз ташылып кирип турган.
"Козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада ири көлөмдөгү товарлар табылды. Тергөөдө дары-дармек каражаттары облустун аймагында жергиликтүү дарыкана түйүндөрү аркылуу сатылып келгени аныкталды. Ошондой эле аталган товарлар талапка шайкештиги боюнча тиешелүү сертификациядан өтпөгөнү кошумчаланды",- деп белгиленди маалыматта.
Жыйынтыгында Т.М., А.Ж., А.М. жана А.К. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Жалал-Абад облусуна контрабандалык жүктөрдү ташып кирүү каналына бөгөт коюлду (видео)
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















