Бишкекте унаанын фарасын сындырган жаран кармалды (видео)
Бишкекте белгисиз буюм менен унаанын фарасын сындырган жаранга карата "Майда бейбаштык" беренеси боюнча протокол түзүлдү. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-ноябрда социалдык тармактарга жарыяланган видеого, милиция кызматкерлери байкоо жүргүзүп, окуя Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда болгонун аныкташты.
Видеодо жолдо бара жаткан унааны токтотуп, белгисиз буюм менен анын фарасын сындырган жарандын аракеттери тартылган.
"Милиция кызматкерлери окуяга тиешеси бар Т.Ж. аттуу жаранды аныктап, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында жаранга карата 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлдү", - деп кошумчалады мекеме.
Жолдо чырдаша кеткен айдоочу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:34
2026-11-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















