super.kg logo

"Амазон" компаниясына спутник ташыган ракета абада жарылды (видео)

 

Кечээ, 15-ноябрда United Launch Alliance компаниясы "Vulcan Centaur" ракетасы "Amazon" үчүн спутниктерди орбитага чыгаруу учурунда кырсыкка кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Маалыматка ылайык, ракетанын бортунда компаниянын интернет долбоору үчүн, болжол менен 40 спутник болгон. Бул долбоор "Starlink" тармагына атаандаш болушу керек эле. Кырсык "Amazon" компаниясынын спутниктик интернет тармагын ишке киргизүү мөөнөтүнө таасир этиши мүмкүн.

Белгилей кетсек, кырсыкка бир күн калганда SpaceX компаниясы Starship кемесин сыноо учуусунан кийин биринчи жолу старттык мунаранын жардамы менен ийгиликтүү кармап алган.






Амазон компаниясынын ракетасы жарылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: