super.kg logo

Арменияда түз эфирде журналист менен саясат таануучу мушташты (видео)

 

Арменияда журналист Борис Мурази менен саясат таануучу Арутюн Мкртчян телеканалдардын бириндеги түз эфир учурунда мушташа кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-ноябрда коомдук телеканалдын "Чоң дебаттар" программасында болгон. Анда оппозициялык "Эне Армения" кыймылынын өкүлү Борис Мурази менен Арутюн Мкртчян саясий теманы талкуулап жатып, кайым айтыша кетишкен. Көп өтпөй пикир келишпестик мушташка айланды.

Окуядан кийин алып баруучулар эфирди токтотуп, студияга коопсуздук кызматкерлери кирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Армениянын парламентинде бийликтеги "Жарандык келишим" партиясы менен оппозициялык "Күчтүү Армения" партиясынын депутаттары ортосунда массалык мушташ чыккан.






Арменияда түз эфирде журналист менен саясат таануучу мушташты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: