super.kg logo

Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды (видео)

 

Бишкекте Honda Fit үлгүсүндөгү унаага эшигин бузуп кирип, айдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда шаардык милиция билдирди.

Маалымат ылайык, Ленин райондук милициясына 12-ноябрда С.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылды. Анын айтымында, белгисиз адам Сарыкулаков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында токтоп турган көк түстөгү Honda Fit унаасын айдап кеткен.

"Бул факт боюнча "Автотранспорт каражатын айдап качуу" деген айып менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1991-жылы туулган С.К. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Уурдалган унаа табылып, мыйзамдуу ээсине кайтарылды. Учурда тергөө иштери уланууда",- деп кошумчалады мекеме.






Авто унааны мыйзамсыз ээлеп алган жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: