Мамлекеттик башкаруу академиясынын курулушунда мыйзам бузуулар кайрадан аныкталды (видео)
Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик башкаруу академиясынын имаратындагы курулушта мыйзам бузуулар кайрадан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда муниципалдык инспекциядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган объектке кайталап текшерүү жүргүзүп, көрктөндүрүү эрежелеринин сакталбаганын жана курулушка жакын аймактагы жашыл бак-дарактардын жабыркаганын аныктаган.
"Курулуштун буюртмачысы боюнча мурда туура эмес маалымат берилгени такталды. Алгач буюртмачы катары президенттин администрациясы көрсөтүлгөн болсо, такталган маалыматка ылайык, курулуштун буюртмачысы Курулуш министрлиги болуп чыкты",- деп билдирди инспекция.
Муниципалдык инспекция мыйзам бузууларды аныктады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:31
2026-11-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















