Жалал-Абадда жер тилекелерин мыйзамсыз бөлүп берүүгө шектелген аткаминерлер кармалды
УКМК Жалал-Абад облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү жана сатуу фактысын аныктады.
Атайын кызматтын маалымат борбору билдиргендей, кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин филиалынын жетекчиси С.А., айыл аймагынын мурдагы башчысы А.А. жана Базар-Коргон райондук архитектура башкармалыгынын мурдагы жетекчиси М.А. кармалды.
Аталган адамдар алдын ала макулдашып алып, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү үчүн аймакты мыйзамсыз кеңейтүү менен башкы планды бекиткени аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, аталган мыйзамсыз иштер президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абадга болгон иш сапарынын алкагында тургундар тарабынан айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-11-16
9:31
2026-11-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















