Бөлүп төлөө жолу менен унаа алып берем деп, ири суммадагы акча алган жаран кармалды
Бишкек шаарында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унааны алып берүүнү убада кылып, жарандан ири суммадагы акча алган. Бирок акча каражатын алгандан кийин унааны бербей, байланышка чыкпай койгон.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:35
2026-11-16
11:08
2026-11-16
9:31
2026-11-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















