Чаткалда мыйзамсыз алтын казып, аткаминерлерге акча которгон шектүүлөр табылды (видео)
Бүгүн, 16-ноябрда Ички иштер министрлиги Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы алтынды мыйзамсыз казып жүргөн коррупциялык схема аныктады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүүлөр кен чыккан жерлердин биринен лицензиясыз жана тиешелүү документтери жок, жергиликтүү аткаминерлердин жана милиция башчысынын колдоосу менен алтын казып алышканы белгилүү болду.
Алтын казылып бүткөндөн кийин сатылып, акча акимге жана РИИБдин башчысына которулганы маалым болду.
Ага жалпысынан 4 адам тартылып, аларга карата Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык кармалып, ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалым болду.
Чаткалда алтынды мыйзамсыз казган коррупциялык система аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-11-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео



















