super.kg logo
  Саясат  

Президент болууну самаган дагы бир жаран 30 миң кол топтоду

 

Бүгүн, 16-ноябрда президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн Аймен Касенов "Түндүк" тиркемесинде 30 миң 24 адамдын колун топтоп, талапкер болуу үчүн зарыл болгон этапты басып өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү боюнча 11 адам арыз берген. Алардын ар бири каттоодон өтүү үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун колун чогултууга тийиш.

"Түндүк" тиркемесиндеги акыркы маалыматтарга таянсак, президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн кол топтоо көрсөткүчү учурда төмөнкүдөй:

  • Аймен Касенов - 30 024;
  • Исхак Масалиев - 28 852;
  • Азамат Эсенбеков - 16 351;
  • Бактыбек Калмаматов - 16 817;
  • Клара Сооронкулова - 16 639;
  • Акай Кыдыров - 13 290;
  • Бакытбек Адылов - 8577;
  • Амур Айба Медер - 5370;
  • Мамбетжунус Абылов - 4496.

Буга чейин Садыр Жапаров менен Сыймык Жапыкеев тийиштүү колду топтоп бүткөн.

Белгилей кетсек, кол топтоо өнөктүгү 8-декабрга чейин уланат. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.


















 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: