Ысык-Көлдө төрт курулуш объектинен мыйзам бузуу аныкталды
Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында төрт курулуш объектинде мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, рейд курулуш тармагындагы мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана объекттерде белгиленген талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында, курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык жүргүзүлдү.
"Текшерүү Сары-Ой, Чок-Тал жана Бостери айылдарындагы "Терма", "Маракеш Резиденс", "Даймонд Резорт" жана "Имарат Резорт" объекттеринде жүргүзүлдү. Жыйынтыгында төрт компанияга жалпы 1 миллион сом айып пул салынды. Ал эми "Даймонд Резорт" жана "Маракеш Резиденс" эс алуу борборлорундагы курулуш иштери токтотулду. Ошондой эле аталган компаниялардын курулуш лицензиялары жокко чыгарылды",- деп маалымдады мекеме.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















