super.kg logo

Иорданияда Телеграм мессенжерине тыюу салынды

 

Иорданияда Telegram мессенжеринин иштөөсүнө өлкө боюнча чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, бул чечим киберкылмыштуулуктун, коркутуп-үркүтүүнүн жана опузалап акча талап кылуунун алдын алуу, ошондой эле мыйзамсыз мазмундагы маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу максатында кабыл алынды. Мындан тышкары, бийлик жарандарды социалдык тармактарды колдонууда этият болууга, белгисиз аккаунттар жана шилтемелер менен байланышпоого чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда дагы депутат тарабынан Телеграм мессенжерине чектөө киргизүү сунушу киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: