Балдарды коргоо мыйзамы Пушкиндин ырынын кыскарышына себеп болду
Орусияда 3-класстын адабий окуу китебине Александр Пушкиндин "Кышкы кеч" (Зимний вечер) ыры кыскартылып киргизилди. Андан акын бала багуучусуна кайрылып, кайгыдан улам ичимдик ичүүнү сунуштаган төрт сап алынып салынган. Бул тууралуу Meduza басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, окуучулардын биринин апасы уулуна ырды жаттоо тапшырмасы берилгенде, окуу китебиндеги өзгөрүүнү байкаган. Китепте чыгарма кыскартылып берилгени көрсөтүлгөн.
Басма үйүнүн өкүлдөрү бул чечим балдарды алкоголдук ичимдиктерди колдонууга үндөгөн маалыматтарды таратууга тыюу салган мыйзамдын талаптарына байланыштуу экенин түшүндүрүшкөн.
Ошондой эле көркөм чыгармаларды кыскартып, окуу китептерине киргизүү кеңири колдонулган практика экенин белгилешкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:18
2026-11-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















