super.kg logo

Жолдогу кароосуз малдын айынан 10 айда 45 жол кырсыгы катталды (видео)

 

Бүгүн, 17-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кароосуз калтырылган мал жол кыймылына коркунуч жаратарын эскертти.

Маалыматка караганда, жолдордо малдын кароосуз жүрүшү айдоочулар үчүн олуттуу коркунуч жаратып, жол кырсыктарына себеп болууда. Ушул жылдын 10 айында республика боюнча мал-жандыктарынын катышуусунда 45 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 адам каза болуп, 60 адам жаракат алган.

Аймактар боюнча көрсөткүчтөр:
Чүй облусу - 7 жол кырсыгы, 2 адам каза болуп, 11 адам жаракат алган.
Ысык-Көл облусу - 11 жол кырсыгы, 14 адам жаракат алган.
Нарын облусу - 3 жол кырсыгы, 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алган. Ош облусу - 6 жол кырсыгы, 1 адам каза болуп, 10 адам жаракат алган.
Жалал-Абад облусу - 13 жол кырсыгы, 16 адам жаракат алган.
Баткен облусу - 5 жол кырсыгы, 1 адам каза болуп, 4 адам жаракат алган.

Башкармалык кырсыктын алдын алуу максатында мал ээлерине жана айдоочуларга жоопкерчиликтүү болууну эскертти.






 Жолдогу кароосуз малдын айынан 10 айда 45 жол кырсыгы катталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: