Манас шаарында марафон үчүн айрым көчөлөрдө унаа кыймылы чектелет (видео)
Бүгүн, 17-ноябрда Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өтө турган марафонго байланыштуу саат 14:30дан 15:30га чейин айрым көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, Байзаков проспектинин Курманбек көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейинки бөлүгү, ошондой эле Эркиндик көчөсүнүн Бакиев жана Байзаков проспекти менен кесилишкен жерлери жабылат.
Мекеме шаар тургундарын жана конокторун каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөрдү эске алууга чакырды.
Манас шаарында марафонго байланыштуу айрым көчөлөрдө унаа кыймылы чектелет
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















