Суусамырда мал сатып алуу боюнча алдамчылыкка айыпталган шектүү кармалды

Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жергиликтүү тургундун төрт баш малын алдамчылык жолу менен алып кетүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Чүй облустук милициясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу 11-августта белгисиз себептер менен 4 баш малынын жоголгонун айтып кайрылган.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, шектүүнүн жардамчысы жана айдоочусу мал ээсине жаныбарларды 400 миң сомго бөлүп төлөө шарты менен сатып алууну сунуштап, келишим түзүшкөн. Бирок алар акчасын төлөбөй, малды алып кетишкен. Бул факт боюнча 1985-жылы туулган С.Т. аттуу жаран кармалды. Ал мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы белгилүү болду. Шектүүнүн жашаган үйүнө жана өзүнө таандык мал сарайына тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ок-дарылар, аңчылык күбөлүгү, уюлдук телефон, бычактар жана ишке тиешеси бар башка буюмдар табылды",- деп билдирди милициянын басма сөз кызматы.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















