Сузактагы кыш чыгарган ишкана абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сасык-Булак айылындагы кыш чыгаруучу чакан заводго экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн 28 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү атмосфералык абаны коргоо талаптарынын сакталышын аныктоо максатында жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө ишкананын мештеринин морлоруна чаң-газ тазалоочу жабдуулар орнотулбагандыгы аныкталган. Мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү акт түзүлүп, ишканага төрт пункттан турган эскертме берилген. Аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленген.
Мындан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, ишканага 28 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:25
2026-11-17
15:05
2026-11-17
13:02
2026-11-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















