super.kg logo

Ош шаарынын мэри студенттер менен жолугушту (видео)

 

Бүгүн, 17-ноябрь - Студенттердин эл аралык күнүнө карата мэр Жанар Акаев Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, мэр студенттерди куттуктап, тортторду таратып, аларга майрамдык маанай тартуулады.

"Студенттер менен бир күн аттуу иш-чаранын алкагында мэр ОшМУнун жатаканасындагы жашоо шарттар менен таанышып, студенттердин көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту. Ошондой эле журналистика факультетинин студенттери менен пикир алышты.

Мындан тышкары, педагогикалык университетте волейбол оюнуна күбө болуп, Ош технологиялык университетинин лабораторияларын көрдү. Мэр жаштардын сапаттуу билим алуусуна жана кесиптик жактан өнүгүүсүнө шарт түзүү маанилүү экенин белгилеп, алардын сунуш-пикирлери эске алынарын билдирди",- деп кошумчалады мэриянын басма сөз кызматы.






Студенттер күнүнө карата Жанарбек Акаевдин жолугушуусу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: