Бишкекте жол кеңейтүүгө байланыштуу алынган жер тилкелеринин ээлерине кенемте төлөнө баштады
Бүгүн, 17-ноябрда Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспекти жана Восточная көчөсүндөгү 13 жер тилкесинин ээлерине кенемте төлөп берүү сертификаттарын тапшырды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалым болгондой, жер тилкелери унаа жолун реконструкциялоо жана кеңейтүү үчүн муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Компенсациянын көлөмү көз карандысыз баалоонун негизинде аныкталып, азыркы учурда жалпы суммасы 40 миллион 763 миң сомду түздү.
"Калган жер тилкелеринин ээлерине да мыйзамда белгиленген тартипте компенсация төлөө иштери уланууда. Ошондой эле Элебесов көчөсүн кеңейтүү учурунда тоскоолдук жараткан 7 турак үйдүн ээлерине бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен компенсация берилди. Ал эми Шабдан Баатыр көчөсү менен Иманалы Айдарбеков бульварынын кесилишиндеги жол түйүнүн курууда 16 объекттин биринин ээсине компенсация төлөндү. Калгандары боюнча иштер уланууда",- деп кошумчалады мекеме.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















