Ошто тынчтыкты сактоого чакырган кишини топ балдар сабап кетишкени айтылууда (видео)
Социалдык тармактарда бир нече адам топтолуп алып эркек кишини сабап жатканы тартылган видео тарады. Видеодон алгач бир нече адамдын катуу кыйкырып, ызы-чуу салып жатканын, кийинчерээк алар эркек кишини сабап жатышканын көрүүгө болот.
Жабырлануучунун жубайынын айтымында, окуя 16-ноябрда Ош шаарындагы Төлөйкөн кичи районунда болду. Анда жолдошу жумуштан келе жатып, ызы-чуу салып жаткандарды тынчтыкты сактоого чакырганда ур-токмокко алынган.
Окуяга байланыштуу анын жубайы тиешелүү органдарды көңүл буруп, күнөөлүү адамдардын бардыгын аныктоону өтүндү.
"Биз эч кандай өзгөчө талап коюп жаткан жокпуз. Биз адилеттүүлүктү, иштин калыс тергелишин жана күнөөлүү адамдардын мыйзам чегинде жазаланышын талап кылып жатабыз. Топтошуп жасаган зомбулук жазасыз калбашы керек. Милицияга арыз бердик. Видео далилдер турса да, талаптагыдай иш жүрбөй жатат",- деп билдирүү калтырган ал.
Анын айтымында, сабалган жаран учурда ооруканада.
Ал эми шаардык милиция азырынча расмий маалымат бере элек.
Ошто топ балдар эркек кишини сабап жатканы тартылган видео тарады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















