"Ак шумкарлар" Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди
Кечээ, 17-ноябрда, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Вьетнамдын командасын жолдоштук беттеште жеңип алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, оюндун 19-мүнөтүндө атаандаштар эсепти ачып, биринчи тайм 1:0 эсебинде аяктады. Экинчи бөлүктө кыргызстандык футболчулар оюнду өз пайдасына өзгөртө алышты. 86-мүнөттө Валерий Кичин эсепти теңесе, эки мүнөттөн кийин Эрбол Атабаев жеңиш голун киргизди.
Ошентип, "Ак шумкарлар" атаандашын 2:1 эсебинде утуп, Вьетнамда экинчи жеңишине жетишти.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын улуттук курамасы Кытай Тайбэйинин командасын 3:0 эсебинде жеңген
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:28
2026-11-13
10:49
2026-11-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















