super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстан менен Монголия футбол жаатында кызматташат

 

Бишкекте Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилиги Монголия футбол федерациясынын президенти Анандбазар Цогт-Очир менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар футбол тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, балдар жана өспүрүмдөр футболун өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен спорттук иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.

"Жолугушууда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюу жана эки өлкөнүн улуттук курама командаларынын ортосунда жолдоштук беттештерди уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Жыйынтыгында Монголия тарап Кыргыз футбол биримдигинин өкүлдөрүн расмий сапар менен Монголияга чакырды",- деп кошумчалады мекеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: